БИШКЕК, 4 -авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Калктын жана ишкердик субъектилердин салык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Документ бизнес үчүн дем берүүчү чөйрөнү түзүп, өлкөнүн экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу максатында ушул жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамда каралган ченемдер:
транспорт каражаттарына мүлк салыгы жоюлат;
2025-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын нөл пайыз өлчөмүндөгү ставка коюлат;
2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилине салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат. Бирок уюмду жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотуудагы текшерүүгө, КНС төлөөчүнүн арызынын негизинде андан ашкан сумманын ордун толтуруу же кайтаруу менен байланышкан салыктык текшерүүлөргө, салык төлөөчүнүн такталган отчетун кабыл алуу менен байланышкан текшерүүлөргө, укук коргоо органдарынын токтомдорунун негизинде дайындалган пландан тышкаркы текшерүүгө жол берилет;
2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгили үчүн келип чыккан салык карызы кечилет;
милдеттенмелерди аткаруунун жеңилдетилген режими белгиленет, чегерилген салык санкциясын төлөөдө толук же жарым-жартылай бошотуу каралат, ошондой эле калдыктын толук суммасын төлөөдө мөөнөтүнө жараша туумдар төлөнөт.