Трамп Россияга жаңы санкцияларды киргизе тургандыгын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украина менен кепке келүү айтылган убакыттан эрте болбосо жаңы санкциялар салынарын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Санкциялар болот, бирок, кыязы, андан кыйгап кетип жатышат. Алар куу адамдар, мурда четтеп кетүүгө мүмкүн болуп жатса, эми кандай болорун көрөбүз", — деген Трамп журналисттерге.
Өткөн аптада ал РФке салынчу кошумча чектөөлөрдүн майнаптуу болорунан шек санаган эле. Америка лидери 14-июлда Москвадан Киев менен тынчтык келишимин түзүүнү талап кылып, 50 күндүк шарт койгон. Кийинчерээк мөөнөттү 10-12 күнгө чейин кыскартканын билдирген. Эгерде бул талап аткарылбаса россиялык товарлардын импортуна 100 пайыздык тариф киргизерин, ошондой эле андан мунай, газ жана башка энергетикалык ресурстарды сатып алган өлкөлөргө кошумча бажы алымын саларын айткан.
Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россиянын экономикасы көп убакыттан бери сандаган санкциялардын шартында деле кадамдап келе жаткандыгын айтты. Трамптын бул жолкусун да Кремль "каттап коюп" жатканын кошумчалады.
Трамптын атайын өкүлү Россия менен Украинаны элдештирсе болот деген ишенимде