Трамп: кайра жайгаштырган атомдук эки кеме "тиешелүү аймакка" жетти. Чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү мурдараак кайра жайгаштырган атомдук суу алдындагы эки кеме "тиешелүү аймакка" жеткенин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Трамп жума күнү РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин "чагымчыл сөздөрүнө" жооп кылып, суу астында жүрүүчү өзөктүк эки кемени тиешелүү аймактарга жөнөткөнүн билдирген. Кийинчерээк алар "Россияга жакын барып калганын" кошумчалаган.
"Мен билдирүү жасадым, жообу мындай: алар кайда жайгашышы керек болсо, ошол жерде турат", — деген Трамп журналисттердин кемелер туурасында берген суроосуна жооп кылып.
Эске салсак, Медведев Америка лидеринин Украина менен элдешүү боюнча койгон талабына комментарий берген. Тагыраагы, Трамп Россия менен "ультиматум оюндарын" ойноп жатканын, бул коркунучтуу экенин жана "өз өлкөсү менен согушка карай кадам таштагандык" болуп эсептелерин айткан эле.
Трамптын Россияга эмнеге нааразы болуп жатканын айтышты