БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Россиядагы мигранттарды 10-сентябрга чейин укуктук статусун жөнгө салышы керектигин кайрадан эскертти.
Ведомство учурда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын белгилеген.
“Элчиликтин кызматкерлери күн сайын кыргыз жарандары топтолгон жерлерге барып, жолугушууларды өткөрүүдө. Ошондой эле Россиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана диаспоралар менен кызматташуу жолго коюлган. Маалыматтык роликтер жана түшүндүрүү материалдары расмий сайттар жана социалдык тармактар аркылуу таратылууда. Бул иштерди күчөтүү максатында Тышкы иштер министрлиги тарабынан борбордук аппараттан кошумча кызматкерлер жөнөтүлдү”, — деп айтылган маалыматта.
ТИМ кыргыз жарандарын 10-сентябрга чейин укуктук статусун мыйзам чегинде жөнгө салуу мүмкүн болуучу терс кесепеттерден сактап каларын эскертти.
Ошондон бери ТИМ РФтеги мигранттар 10-сентябрга чейин укуктук макамын жөнгө салышы керектигин эскертип келе жатат.