РКӨФ чакан тоок фермасын ири өндүрүшкө айлантууга көмөктөштү

Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) каржылоосу менен тоок фермасы ири өндүрүшкө айланды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматынан кабарлашты.
Жеке ишкер 2 миң бройлер балапан менен 2022-жылы иш баштаган. Кийин өндүрүштү кеңейтүү муктаждыгы жаралып, РКӨФ 200 миң доллар бөлгөн. Натыйжада 1 200 чарчы метр аянтка заманбап цех курулуп, керектүү техника алынган.
"Жаңы комплексте 20 миңге чейин балапан багууга шарт түзүлдү. Ал жерде өндүрүлгөн эт РКӨФтүн дагы бир долбоору болгон "Агро Куш" компаниясына жөнөтүлөт. Мындай колдоо менен жакынкы жылдарда Кыргызстанды тоок эти менен толук камсыздай алабыз деген ишенимдемин", — деди фонддун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков.
РКӨФ жемиштерди кайра иштетүүчү заводду кеңейтүүгө 1 млн. доллар бөлдү