Ош шаарында "Келечек" базарынын соодагерлери үчүн жаңы рынок курулат

Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Оштогу "Келечек" базарындагы соодагерлер үчүн дагы бир базар салынат. Бул тууралуу шаардын мэри Жеңишбек Токторбаев билдирди.
Калаа башчысы соодагерлер менен "Жибек Жолу" базарынын жанына жаңы курула турган муниципалдык базардын ордунда жолуккан.
"Биз базар куруп беребиз, андан кийин контейнерлерди көчүрөбүз. Бул муниципалдык рынок болот. Силер болсо жер салыгын төлөп, патент алып иштейсиңер. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соодагерлердин кайрылуусун көрүп, "Келечек" базарынын соодагерлерин капа кылбай колдоо көрсөтүүнү тапшырды. Соода орундары үчүн бир кезде акча төлөнгөнү эске алынып, азыр алар жапа тартпашы керектигин айтышты", — деди мэр.
Шаар башчысынын айтымында, учурда курулуш иштери башталууда, 15-20 күндө бүтүшү керек.
Буга чейин Оштогу бир катар базарларды шаар сыртына чыгаруу максатталган. Анын алкагында "Жибек Жолу" базары курулуп, соодагерлер көчүрүлгөн.
Бирок муниципалитеттен билдиришкендей, "Келечек" базарынан ижарачылар көчүп кетип, контейнер ээлери шарттарга макул болбой жаткан.
"Натыйжада алар үчүн да жаңы базар курулуп, контейнер ээлерине бериле турган болду", — деп белгилешти муниципалитеттен.
Ош шаарындагы борбордук базар эки айдан кийин көчүрүлмөй болду