Ошто белгилүү аткаминерлердин имараттары буздурулуп жатат. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ош шаарында кезинде жогорку кызматтарды ээлеген белгилүү адамдардын мыйзамсыз курдурулган имараттары буздурулуп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Асылбек Жээнбеков менен Акматбек Келдибеков бар. Буздурулуп жаткан имараттар Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги Насирдин Исанов көчөсүндө жайгашкан.
"Негизи суу корук аймагы 50 метр болушу керек. Бирок айрым аткаминерлер ресторан, кафе, медборбор сыяктуу коммерциялык имараттарды жээкке мыйзамсыз салып алышкан", — деп айтылат маалыматта.
Мыйзамсыз объектилердин ээлери катары ЖКнын мурдагы депутаты Урмат Аманбаеванын, өмүр бою Салык кызматында иштеген Эрмек Чоюновдун дагы аты аталды.
УКМК Анапияевдин туугандарынын мүлкүн мамлекетке кайтарды. Видео