Назарбек Малаев ЕЭКтеги кызматка дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Назарбек Малаев Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында кабарланды.
Малаев Баткен районунун Самаркандек айылында төрөлгөн. 2005-жылы Ош мамлекеттик университетинин "мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистигин аяктаган. 2009-жылы КР президентинин алдындагы башкаруу академиясынан "менеджмент" адистиги боюнча билим алган.
Буга чейин Финансы министрлигинде ар кыл, анын ичинде жетекчилик кызматтарда иштеген. Соңку эки жыл экономика жана коммерция министринин орун басары кызматын аркалаган.
ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп ушул жылдын 30-июлунда дайындалды.
Эки жылдан бери ЕАЭБдин экономикасы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөрдөн жогору болууда