БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. 1-2-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн дүйнөлүк "Рух санат" салттуу маданият жана музыка фестивалында Кыргызстандын атынан катышкан "Акак" комузчулар тобу баш байгени жеңип, 500 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Сынакка 14 өлкөдөн 82 катышуучу келген. Кыргызстандын атынан үч жеке ырчы, үч топ катышты. Алардын өнөрүнө дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан чогулган жети эксперттен турган эл аралык калыстар тобу баа берди.
Сынактын жалпы байге фонду 3 миллион сомду түздү. Жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:
Баш байге (500 миң сом) — "Акак" комузчулар тобу (Кыргызстан)
"Жеке аткаруучу" номинациясы:
1-орун — Донгак Найдан (Россия) жана Салтанат Кайрат кызы (Казакстан), 200 миң сомдон;
2-орун — Муминова Гузал (Өзбекстан) жана Чолпон Мелисбекова (Кыргызстан), 150 миң сомдон;
3-орун — Кутманаалы Султанбеков, Акматбек Султан (Кыргызстан), Шухрат Холхуджаев (Өзбекстан), 100 миң сомдон
"Топ" номинациясы
1-орун — "Хараача" (Россия) жана "Тенгри Саз" (Казакстан), 300 миң сомдон;
2-орун — "Кербез" (Кыргызстан) жана Dibbo Gyaani (Бангладеш), 200 миң сомдон;
3-орун — Mystical Journey to India By Kartikeya Vashist & Makrand Sanon (Индия), Cheon Gung (Корея) жана Nippondaiko Takeru (Япония) 150 миң сомдон.
"Рух санат" фестивалы мындан ары эки жылда бир болот. Кийинкиси Жалал-Абад облусунда өтө турган болду. Быйыл салттуу маданият жана музыка башкы темага айланса, келеркиде этникалык бийге багытталган фестиваль өткөрүү пландалып жатканын уюштуруучулар билдиришти.