Радио

Мамытов: Батыш баңгизат бизнесин мамлекеттерди жок кылуу үчүн колдонуп келген

Жусуп Абдрахманов атындагы Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов баңги бизнеси эмнеликтен дүйнөлүк экономикадан ордун жоготпой келерине сереп салды.
Sputnik
Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна курган маегинде Британия XIX кылымда Кытайга баңгизатты жайылтып басып кирип, 13 миллиондон ашуун кытайлык андан көз каранды болуп калганын айтып берди. Экономист Англия муну басып алуунун бир ыкмасы катары колдонгонун белгилеген. Кытайлардын тарыхында бул учур "100 жылдык кордук" деп аталып, 1840-1949-жылдарга чейинки мезгилди камтыйт.
Мамытовдун айтымында, бул жылдардагы Кытайдын тарткан экономикалык жана ресурстук чыгымы БУУнун материалдарында кездешет.

"Баңгизат бизнесин АКШ да колдонгон. Болгондо да расмий Америка пайдаланып келген. Алар муну социализмдин жайылышына каршы курал катары карашкан. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаганда дүйнө жүзүндө СССРдин аброю көтөрүлүп, социализм идеологиясын жактагандар көбөйгөн. Американын атайын кызматы мына ушул коммунисттерден чочулап баңгизат бизнесинин тарашына жол ачкан. Анткени Европанын батышында да социалисттик идеялар абдан популярдуу боло баштаган. Франциянын Марсель шаары социалисттик калаага айланып баратканда АКШ менен Франциянын атайын күчтөрү корсикалык мафияга кайрылып, чыгып келе жаткан профсоюздарды талкалатып, баңгизат бизнесин жайылтууга уруксат беришкен. Бул маалыматтар кийин Америка Сенатынын Черча комиссиясында да айтылган. Бул тууралуу бир нече материал, китептер жазылган", — деди Мамытов.

Ал Батыш өлкөлөрүнүн тарыхтагы мындай кадамдары өздөрүнүн эле "эч бир идеология адам өмүрүнө татыбайт" деген ураанына каршы келерин эске салды.