БИШКЕК, 4 -авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процессин жөнөкөйлөштүрүп онлайн-форматка өткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Демилге ашыкча бюрократияны жоюу, жарандардын убактысын үнөмдөө максатын көздөйт.
Касымалиев учурда күбөлүктү алмаштырууга кеминде төрт күн убакыт кетип жатканын, XXI кылымда мындайга жол берилбеши керектигин белгилеген.
"Биз процессти толугу менен онлайн-форматка өткөрүшүбүз керек. Бардыгы "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлүшү зарыл. Жаңы реформа айдоочулук күбөлүктү алмаштырууну үйдөн чыкпастан 5-10 мүнөттүн ичинде бүтүрүүгө мүмкүндүк берет", — деген министрлер кабинетинин төрагасы.
Белгилей кетсек, 2024-жылы 124 520 айдоочулук күбөлүк берилген болсо, анын 54 481и алмаштырылган. 2025-жылдын алты айында 85 816 күбөлүк берилип, анын 47 253 учуру алмаштырууга туура келген.