БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун лидери маркум Алмамбет Анапияевдин жакындарынын мүлкү мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облусунун Чоң-Алай районунда жалпы аянты 12,68 гектар жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке чыгарылганы аныкталган.
"Дароот-Коргон айылындагы административдик имарат, дүкөнү бар май куюучу станция менен 0,7 гектар жер тилкеси, ошондой эле Бурган-Суу айылындагы дээрлик 12 гектар жер тилкеси Анапияевдин туугандары тарабынан мыйзамсыз алынган", — деди атайын кызмат.
Алмамбет Анапияев 2015-жылы Минск шаарында өлтүрүлгөн.