Зор тажырыйба топтоп, мыкты мотивация менен кайтып келдим – “Витебск-2025” сынагынын байге ээси Рыскелди Старбеков менен маек

Sputnik
Кыргызстандык ырчы Рыскелди Старбеков Беларуста өткөн “Витебск-2025” аттуу эстрадалык ырлардын сынагында үчүнчү орунду ээледи. Бул сынак “Славян базары” эл аралык искусство фестивалынын алкагында болду. Ошондой эле ал Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко тарабынан "Славянская надежда" атайын сыйлыгы менен сыйланды. Байге ээси Рыскелди Старбеков жана “Славян базары” эл аралык искусство фестивалынын Кыргызстандагы өкүлү Гүлнара Тойгонбаева “Стимул” программасында конок болуп, фестиваль жана сынак тууралуу айтып беришти.