Ош шаарында "Келечектин" соодагерлери үчүн жаңы базар курулатЖеке мектептерди лицензиялоо жөнөкөйлөштүрүлөт. Бийлик реформасын баштады“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилдиАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 18-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты курулуш, жол куруу, жаңы жерлерди өздөштүрүү, карьер иштетүү же плотина куруу сыяктуу иштерди жүргүзүүдө, анын ичинде ландшафттын олуттуу өзгөрүшүнө алып келүүчү жана суунун каптоосуна себеп болуучу иштерде, инженердик-изилдөө стадиясында жана жердитрансформациялоо учурунда археологиялык изилдөө процедурасын дебюрократизациялоо болуп саналат. Алсак, министрлике тарыхый-маданий мурастар объекттеринин табылышы мүмкүн болгон аймактардын тизмесин бекитүү укугу берилди. Эгерде аймак мындай тизмеге кирбесе анда археологиялык изилдөө жүргүзүү, корутундусун алуу мидеттүү болбойт.
Кыргызстанда жеке менчик мектептерге лицензия берүү тартиби жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттик администрациянын жыйынында билдирди. Анын айтымында, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарлар менен Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында мектеп тартыштыгы курч көйгөй бойдон калууда. "Жаңы билим уялары курулуп жатканы менен балдардын саны улам өсүп, орун жетишпей жатат. Жеке сектор мамлекеттик мектептердин түйшүгүн азайта алат. Ошондуктан аларга мектептерди көбүрөөк ачууга реалдуу мүмкүнчүлүк түзүү керек", — деди Касымалиев. Ал мамлекеттик органдарга 100 күндүн ичинде лицензиялоо процессин талдап, ашыкча бюрократиялык жол-жоболорду аныктап, аны жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү боюнча чараларды сунуштоону тапшырды. Учурда Кыргызстан боюнча жалпы 219 жеке менчик мектеп иштейт. Алардын көбү Бишкек менен Ош шаарларында жайгашкан.
Оштогу "Келечек" базарындагы соодагерлер үчүн дагы бир базар салынат. Бул тууралуу шаардын мэри Жеңишбек Токторбаев билдирди. Калаа башчысы соодагерлер менен "Жибек Жолу" базарынын жанына жаңы курула турган муниципалдык базардын ордунда жолуккан. "Биз базар куруп беребиз, андан кийин контейнерлерди көчүрөбүз. Бул муниципалдык рынок болот. Силер болсо жер салыгын төлөп, патент алып иштейсиңер. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соодагерлердин кайрылуусун көрүп, "Келечек" базарынын соодагерлерин капа кылбай колдоо көрсөтүүнү тапшырды. Соода орундары үчүн бир кезде акча төлөнгөнү эске алынып, азыр алар жапа тартпашы керектигин айтышты", — деди мэр. Шаар башчысынын айтымында, учурда курулуш иштери башталууда, 15-20 күндө бүтүшү керек.
Жылдын үчүнчү чейрегинде Талас районунда "Арашан" минералдык ичүүчү таза суу өндүрүүчү чакан ишкана ишке кирет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Талас райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен жүзөгө ашырылууда. Ишкананын курулуш иштерине жалпы 14 млн 147 миң сом, ал эми жабдууларды сатып алууга 7 млн сом бөлүнгөн. Азыркы учурда курулуш иштери толук аяктап өткөрүлүүдө. Жаңы ишкана ишке кирсе 7-10 адамга жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бул жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жана сапаттуу минералдык сууну пайдаланууга шарт түзөт.