Кыргызстан менен Россиянын ветеринария жана асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташтыгы күчөтүлөт. Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Россияга болгон жумуш сапарынын алкагында Россиянын Айыл чарба министринин орун басары менен жолукту. Тараптар асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү, ветеринардык көзөмөлдү жакшыртуу жана илимий-билим берүү жаатында кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө мал чарба адистерин даярдоо жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууга басым жасалды.
Алдыда Россияга пландалып жаткан расмий сапардан эмнелер күтүлүүдө? Квалификациясын жогорулатуу боюнча кандай конкреттүү демилгелер бар? Илимий-изилдөө мекемелеринин ортосундагы кызматташтык кандай жолдор менен ишке ашат?
Ушул жана башка суроолорго Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын Эпизоотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Адилет Сотовалдиевден жооп ала алдык.