Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстанга болгон мамлееттик сапарынын алкагында бир катар багыттар боюнча эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул сапар саясий диалогду мындан ары да чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө катуу түрткү берет. Ошондой эле Кыргызстан Монголиянын ЕАЭБге интеграцияланышына жардам берери сөз болду. Кыргыз-монгол кызматташтыгы тууралуу экономист Нургүл Акимова маек курду.