“Социалдык келишимдин” алкагында алгачкы “миллионерлер” пайда болду

Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. “Социалдык келишим” программасынын алкагында алгачкы миллионерлер пайда болду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, программа боюнча каражат алган беш үй-бүлөнүн жылдык кирешеси миллион сомдон ашып, ишкерлигин кеңейткен.
Белгилей кетсек, "Социалдык келишим" долбоору 2022-жылдан бери иштейт. Анын алкагында жөлөк пул алган бүлөлөргө ишкерлик ачуу үчүн 100 миң сомдон берилип келген. Быйыл анын суммасы 100 миң сомдон 150 миңге чейин көтөрүлдү. Аны 13 333 муктаж үй-бүлө алары белгиленген.
Быйыл "Социалдык келишим" долбоорун 150 миң сомго көбөйтүү пландалууда