БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. 2025-жылдын январь-март айларында кыргызстандыктар таксидеги 1,3 миллион сапарды накталай эмес төлөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Бул сапарлар үчүн жалпы 7 миллиард 480 миллион сом төлөнгөн.
Салыштырмалуу, 2024-жылдын ушул эле мезгилинде 821 миң буйрутма накталай эмес төлөнгөн, алардын баасы 5,3 миллиард сом болгон.