БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитети кайсы жаш курактагы эркектердин саны аз экенин аныктады.
Мекеме ушул жылдын башына карата 1000 аялга туура келген эркектердин санын тактады. Ага ылайык:
9 жашка чейин — 1056 эркек;
10-19 жаш — 1062 эркек;
20-29 жаш — 984 эркек;
30-39 жаш — 986 эркек;
40-49 жаш — 968 эркек;
50-59 жаш — 915 эркек;
60-69 жаш — 806 эркек;
70-79 жаш — 683 эркек;
80 жаш жана андан жогору — 530 эркек туура келет.
Ошентип, 19 жашка чейинки куракта кыздардын саны алардын теңтуштарына караганда аз. Бирок андан кийинки курактарда аялдардын саны басымдуулук кылат.