Камчаткадагы Крашенинников вулканы 600 жылдан бери биринчи жолу атылды

Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Камчаткадагы Крашенинников вулканы 600 жылдан бери биринчи жолу атылды. Бул тууралуу Камчаткадагы вулкандын атылышына көз салган топтун жетекчиси Ольга Гирина билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, вулкан өткөндөгү жер титирөөдөн улам жанданган болушу ыктымал.
“Капталында жарака пайда болуп, лава топтолуп, буу жана газ бөлүнүп чыгууда.Түндүк кратердин үстүн күлдөн калың булут каптады. Ал эми күлдүн чаңы чыгышты көздөй тараган”, — деди Гирина.
Вулкандын бийиктиги 1856 метр, ал эми күлү 6000 метрге чейин көтөрүлгөнү кошумчаланды.
30-июлда Камчатканын жээгинде магнитудасы 8,8ге жеткен жер титирөө болгон. Бул 1952-жылдан берки, тагыраагы, 70 жыл ичиндеги эң күчтүү зилзала экени айтылууда.
Түндүк Курилдин жээктерин цунами каптаган видео