БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф дем алыш күндөрү Москвада экенин АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Мэттью Уитакер билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Украинанын аймагындагы жаңжалды жөнгө салууда жылыш болот деген үмүттө.
“Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф ушул дем алышта Москвада жүргөнүн билем. Анын сапары жылыш жасайт деп үмүттөнөм”, — деген Уитакер WHO 13 News телеканалына курган маегинде.
Буга чейин Дональд Трамп Уиткофф жакын арада Россияга барарын билдирген.