Апта башында жамгыр жаайт. Бир жумага карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет бир аптага карата аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, 4-10-август аралыгында өлкөнүн айрым аймактарында күн күркүрөп, өткүн өтөт. Жуманын башында тоолуу райондор жаан-чачындуу болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй, Талас облустарында
4-5-августта өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 6-8-август күндөрү жаан-чачын негизинен тоолуу райондордо гана жаайт. 9-10-августта күн ачык болот.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде
4-5-августта тоолуу аймактарда өткүн өтүшү мүмкүн. Ал эми өрөөндөрдө күн ачык болуп, жума соңуна чейин жаан-чачын болбойт.
Ысык-Көл жана Нарын аймактарында
Дүйшөмбү, шейшембиде айрым райондордо өткүн өтүшү мүмкүн. Шаршембиден баштап аптанын аягына чейин күн ачык болот.
Кайсы курактагы эркектер аялдардан көбүрөөк? Статистика