4-августка карата аба ырайы

4-августка караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. 4-август, дүйшөмбүдө, республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +28…+30, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Ата шаарында +23...+25 градуска көтөрүлөт.
Бишкекте инсультту жаңы ыкма менен дарылап, бейтап дароо сүйлөй баштаган