Жыл башынан бери 17 миллион 335 миң 499 сом камсыздандыруу кенемтеси төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 7 айда ОСАГО камсыздандыруу полисин алган айдоочулар жол кырсыгына кабылган жалпы 190 учур катталды. Анын негизинде 17 миллион 335 миң 499 сом өлчөмүндө айдоочуларга камсыздандыруу кенемтеси төлөндү. Эң ири төлөмдүн суммасы 300 миң сомду түзгөн. Анда бул сумма жол кырсыгында жабыр тарткан эки автоунаанын ээсине 150 000 сомдон төлөнүп берилген. Муну менен катар адам өлүмүнө алган жол кырсыгы боюнча камсыздандыруу окуясы да катталган. Бул окуяда жабырлануучунун үй-бүлөсүнө 300 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөнгөн.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы коррупцияга шектелип, УКМК тарабынан кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, 22-июлда аймакка болгон иш сапарында Камчыбек Ташиев Бекибаев менен жолугуп, анын жер тармагындагы коррупцияга тиешеси бар-жогун сураган. Ал өз кезегинде: “Коррупциялык иштерге тиешем жок, эгер мыйзам бузуулар аныкталса, жооп берүүгө даярмын”, — деп жооп берген. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө Бекибаев 2019–2024-жылдары Достук айыл өкмөтүндө орун басар, кийинчерээк башчы болуп турган учурда бир нече коррупциялык иштерге аралашканы аныкталган. Атап айтканда, жалпы аянты 9 620 чарчы метр болгон жер тилкеси 3,8 миллион сомго бааланганына карабай, болгону 209 миң сомго аффилирленген жактарга сатылган. Мындан тышкары, аянты 325 чарчы метр болгон башка бир жер тилке 438 миң сомдук базар баасына каршы, болгону 171 миң сомго берилгени да белгилүү болгон. Шектүү учурда УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, анын тегерегиндеги башка адамдарга карата дагы иликтөө иштери башталган.
Куткаруучулар Ысык-Көлдө аттан кулап жаракат алган адамды жайлоодон алып түшүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок айылынын Четинди жайлоосунда 40 жаштагы киши аттан кулап белин оорутуп алгандыктан жайлоодон түшө албай калган. Бул тууралуу маалымат 112 номерине келип түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Балыкчы шаардык өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу барып, жабыркаган жаранга алгачкы жардам көрсөтүп, жайлоодон алып түшкөн. Кийин тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Камчаткадагы Крашенинников вулканы 600 жылдан бери биринчи жолу атылды. Бул тууралуу Камчаткадагы вулкандын атылышына көз салган топтун жетекчиси Ольга Гирина билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, вулкан өткөндөгү жер титирөөдөн улам жанданган болушу ыктымал. “Капталында жарака пайда болуп, лава топтолуп, буу жана газ бөлүнүп чыгууда.Түндүк кратердин үстүн күлдөн калың булут каптады. Ал эми күлдүн чаңы чыгышты көздөй тараган”, — деди Гирина. Вулкандын бийиктиги 1856 метр, ал эми күлү 6000 метрге чейин көтөрүлгөнү кошумчаланды. 30-июлда Камчатканын жээгинде магнитудасы 8,8ге жеткен жер титирөө болгон. Бул 1952-жылдан берки, тагыраагы, 70 жыл ичиндеги эң күчтүү зилзала экени айтылууда.