Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн алыскы Эңилчек айылына барып, жергиликтүү эл менен жолукту. Бул туурасында маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчы менен кошо ал жерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана транспорт министри Абсаттар Сыргабаев да барган. Жапаров жол салынып, ашуунун астынан өткөн 10 чакырымдык тоннель куруларын айткан. "Ашууга чейинки жана андан кийинки жолду быйыл баштайбыз, кийинки жылы күздө бүтүп калат. Тоннелге 2-3 жыл керек болот", — деди Жапаров. Мындан тышкары, айылдыктар окуучу балдарына Караколдон үй менен камсыз кылууну өтүнүштү. Анткени Эңилчек айылында 9-класска чейин эле окутат, балдар андан ары Каракол шаарындагы мектептерде билимин улантат. Жапаров бул өтүнүчкө мамлекеттик ипотекадан кезеги менен үй берилерин айтты. Учурда ал жерде 35 түтүн жашайт. Эл негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет. Эңилчектин тарыхы. 1989-жылы курулган Эңилчек шаары Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында деңиз деңгээлинен 2 500 метр бийиктикте жайгашкан.
ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга келген Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады. Алар эки өлкөнүн чек ара, саясий, соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана миграциялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулаганы айтылды.Мындан тышкары, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин КРге расмий сапары менен келиши, ага даярдык иштери сүйлөшүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгында ТИМ башчылары жакында өтө турган Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин VII отурумунун документтерине кол коюшту.
Бишкектин борборунда Манастын жаңы эстелигин салтанаттуу ачышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында Айкөл Манастын айкели ачылды. Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башкалар катышты.Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Манас жөн гана адабий каарман эместигине, ал биримдикке, жаратуучулукка жана айкөлдүккө негизделген жандуу философия экендигине токтолду. “Анын руху XXI кылымда да бизди шыктандырууда, айрыкча бүгүнкү мамлекетибиздин өнүгүү мезгилинде жана бардык багыттар боюнча өсүштүн шарттарында. Манас бизге уруш жана бөлүнүү менен эмес, биримдик, сабырдуулук жана адилеттүүлүк менен жеңүүнү үйрөтөт", — деди Байсалов.
Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф дем алыш күндөр Москвада экенин АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Мэттью Уитакер билдиргенин РИА Новости жазды. Ал Украинанын аймагындагы жаңжалды жөнгө салууда жылыш болот деген үмүттө. “Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф ушул дем алышта Москвада жүргөнүн билем. Анын сапары жылыш жасайт деп үмүттөнөм”, — деген Уитакер WHO 13 News телеканалына курган маегинде. Буга чейин Дональд Трамп Уиткофф жакын арада Россияга барарын билдирген.