Өлкөдө мектепке онлайн каттоо 15-августта аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги эскертүүдө. 12 жылдык билим берүү системасына өтүү менен бирге, каттоо биринчи жана экинчи класстарга бир заматта жүргүзүлүүдө. 2018-жылы туулган балдар автоматтык түрдө экинчи класска, ал эми 2019-жылы туулгандар биринчи класска бөлүштүрүлөт.1mektep.edu.gov.kg порталынын ачык маалыматтарына ылайык, жалпы мектептерге болжол менен 178 миң бала катталган. Учурда 111 миңден ашык орун бош турат, анын ичинде 27 миң орун жеңилдетилген категориядагы балдар үчүн бекитилген.Билим берүү министрлиги ата-энелерди балдарын мектепке өз убагында каттоого жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Суроолор жаралса, акысыз 110 номуруна чалып, колл-борборго кайрылса болот.
Бишкекте болочок журналисттер үчүн "Евразия" медиа мектеби ачылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде уюштуруучулар билдиришти. Долбоорду "Слово Кыргызстана" редакциясынын базасында "Евразия" уюму ишке ашырат. Бул медиамектеп басма сөз, теле, радио жана санариптик журналистика боюнча жаңы муундагы журналисттерди даярдаган аянтча болот. "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору — башкы редактор Елена Жолобова медиамектеп актуалдуу контент жаратып, түз эфирде иштеп, ар кандай форматта иштей ала турган универсалдуу журналисттерди тарбиялоого шарт түзөрүн белгиледи."Биз журналист чындыкты гана айтууга тийиш деп ойлойбуз. Анткени коомдун ишеними акыйкатка байланган", — деди ал. Жолобова медиамектепте кесиптик жана этикалык даярдыкка өзгөчө көңүл буруларын жана ментор катары өлкөдөгү тажрыйбалуу журналисттер тартыларын кошумчалады. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Курманбек Раматов жаштар маалыматты текшерүүнү, этиканы сактоону жана аудитория менен иштешүүнү үйрөнөрүн айтты.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Джабир Аль-Марри менен жолугушту. Жолугушууда саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Эркин Чечейбаев Катарда 2025-жылдын күзүндө өтө турган дүйнөлүк менталдык саламаттык саммитине чакыруу алганын билдирди. Элчи министрлердин эки тараптуу жолугушуусун уюштуруунун мүмкүнчүлүгүн белгиледи.Кыргыз тарап психиатриялык оорукандарды, анын ичинде Чым-Коргондогу жана Кызыл-Жардагы республикалык психиатриялык борборлорду капиталдык ремонттоого Катардан жардам сурады.Катар элчиси бул демилгелерди карап чыгууга даяр экенин жана долбоорлор катардагы кайрымдуулук уюмунун алкагында ишке ашырылышы мүмкүн экенин айтты.
Грециянын Афина шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында (U-17) кыргызстандык балбан кыз коло медаль тагынды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кыз-келиндер күрөшү боюнча 40 кг салмактык категорияда мелдешкен Асема Асангарыева үчүнчү орунга татыды. Эске салсак, U-17 дүйнө чемпионатынын үчүнчү жана төртүнчү күнү балбан кыздар килемге чыгып күч сынашкан.