БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Россиянын рактан коргоочу вакцинасы жакында бейтаптарга бериле баштайт. Бул тууралуу Россиянын Улуттук эпидемиология жана микробиология изилдөө борборунун жетекчиси Александр Гинцбург билдирди.
Айтымында, анын мекемеси вакцинаны өндүрүп, Герцен атындагы институт менен Блохин атындагы Онкология борборуна өткөрүп берет.
“Биз неоантигендердин негизинде түзүлгөн рактан коргоочу вакцинаны эксперименталдык түрдө меланома менен ооругандар тобуна колдоно башташыбыз керек”, — деди Гинцбург.
Ал жаңы вакцина башка өлкөлөрдө да кызыгуу жаратып жатканын, 10го жакын тапшырык түшкөнүн кошумчалады.