БИШКЕК, 2-авг. —Sputnik. Чүйдүн Ысык-Ата районунун жетекчиси Эркеайым Сейтказиева кызматынан бошотулду. Бул боюнча президенттин жарлыгы чыкты.
Белгилей кетсек, Сейтказиева акимдер арасында жалгыз аял болчу. Ал кызматка марттын ортосунда келген. Иштен кетүүгө өзү арыз жазганы айтылды.
Сейтказиеванын ордуна Лейлектин мурдагы акими Алмазбек Рахманкулов дайындалды.