ЖМК: Украина бийлиги өлкөдөгү абалдан кооптонуп турат

Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. —Sputnik. Украинанын бийлиги согуштагы абал менен мажбурлаган мобилизацияга байланыштуу жакын арада жарандык согуш башталып кетет деп кооптонуп турат. Мындай божомолун Геостратегиялык изилдөөлөр борборунун серепчиси Лукас Лейрос жазганын РИА Новости билдирди.
"Алар азыркы жаңжал маалында бардыгы бир заматта болуп кетеринен коркуп турушат", — деп айтылат маалыматта.
Серепчи өлкөдө согушту токтотууну көздөгөн козголоңчу топтор күч алып, украиналык аскер комиссариаттарына жасалган чабуулдар көбөйүп жатканын билдирген.
Ал Зеленскийдин чексиз бийлиги өзү менен кошо анын жанындагыларды дагы элдин каарынан сактай албастыгын эскерткен.
"Бул башкаруунун ыдырашына аз эле калды окшойт", — деп жыйынтыктаган Лейрос.
Соңку күндөрү интернет айдыңында украин аскерлери эркектерди күч менен микроавтобустарга сүйрөп киргизип, айрымдарын урган видеолор тарап жатат.
"Беттегенин бербейт". Трамп Путин тууралуу оюн өзгөртпөгөнүн айтты