БИШКЕК, 2-авг. —Sputnik. ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга келген Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Алар эки өлкөнүн чек ара, саясий, соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана миграциялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулаганы айтылды.
Мындан тышкары, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин КРге расмий сапары менен келиши, ага даярдык иштери сүйлөшүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында ТИМ башчылары жакында өтө турган Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин VII отурумунун документтерине кол коюшту.