БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын лидери тууралуу ой-пикирин өзгөртпөгөндүгүн айтты. Ал Владимир Путинди беттегенин бербеген, оңой менен айтканынан кайтпаган киши деп эсептей турганын РИА Новости жазды.
"Ал (Путин — ред.) айтканынан кайтпаган, сөзүнө бекем турган киши, бул жаатта эч нерсеси өзгөргөн жок", — деген америкалык лидер.
Трамп буга чейин биринчи айым Меланья Трамп Путинди жактырып, аны баалаарын да айткан.