Кыргыз курулушуна 100 жыл. Өкмөт башчынын куттуктоосу

Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. —Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын курулуш тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Касымалиев куттуктоосунда өлкөдөгү биринчи мамлекеттик курулуш органынын түзүлгөнүнө 100 жыл толгонун белгиледи.

"Ушул 100 жылда эл жаңырып, жер жаңырып, шаарлар жана айылдар түптөлүп, жолдор, көпүрөлөр, мектептер, ооруканалар, завод-фабрикалар жана гидроэлектр станциялары курулду. Алардын арасында элдин эпкиндүү демилгесинин үлгүсү болгон Чоң Чүй каналы жана кыргыз энергетикасынын туусу болгон Токтогул ГЭСи бар. Сиздердин эмгек эгемендүү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түздү. Сиздер тургузган ар бир курулуш объекти өлкөбүздүн келечегинин жана гүлдөп-өнүгүүсүнүн белгиси", — деди ал.

Минкаб башчы турак жай куруунун темпин бир калыпта кармоо, транспорттук жана коммуналдык инфраструктураны модернизациялоо, аймактардагы куруу иштерине күчтүү дем берүү сыяктуу масштабдуу максаттар бар экенин кошумчалады.
"Курулуш тармагынын түптөлүшүнө эмгек сиңирген, кийинки муундарга билимин жана тажрыйбасын берген ардагерлерге терең ыраазылык билдирем. Сиздерге чың ден соолук, тынчтык, ийгилик, үй-бүлөлүк бакубат жашоо жана элге кызмат кылуунун бийик ыракатын каалайм!" — деп айтылат куттуктоодо.
Касымалиев: соңку 5 жылда 967 маанилүү социалдык объектилердин курулушу бүттү