Россиялык мугалимдер Кыргызстанга кандай жардам көрсөтүүдө? Видео

Кыргызстандын мектептеринде Россиядан келген жүздөгөн мугалим иштеп жатат. Алар кыргыз кесиптештерине жардам берип, тажрыйбасы менен бөлүшүүдө.
Sputnik
Эгемендүүлүк алгандан кийин Кыргызстанда мугалимдердин тартыштыгы курчугaн. Көптөр маянанын аздыгынан мектептерден кетип, педагогикалык ЖОЖдорду бүтүргөн жаштар кесиби боюнча иштөөгө кызыкпай кaлышкан.
ЖОЖдордун ректорлору мектепке ишке орношкон жаштардын көбү биринчи жылдан кийин эле кайра кетип жатканын айтып, коңгуроо кагышкан. Ошол эле маалда окуучулардын саны жыл сайын өсүп, кадр жетишсиздигин андан ары тереңдеткен. 2019-жылга карата өлкө мектептерине миңден ашык мугалим керек болчу.
Мына ошондо россиялык мугалимдер жардамга келе баштаган. Оштогу эле мектептерге РФтен 29 мугалим тартылган.
Учурда Кыргызстандын мектептеринде 190 россиялык мугалим эмгектенет. Алардын көбү предметтик мугалимдер. Айрыкча математика, физика, информатика, география, биология, химия, орус тили жана адабияты, башталгыч класстар боюнча мугалимдерге суроо-талап жогору.
Тема боюнча:
Кыргызстанда "Россиялык мугалим чет өлкөдө" долбоору кантип иштейт?