Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Кыргызстанда жалгыз аким аял кызматтан бошотулду"Беттегенин бербейт". Трамп Путин тууралуу оюн өзгөртпөгөнүн айттыЖогорку Кенештин депутаттарынын иш сапарларынын жаңы тартиби бекитилдиЖогорку Кенештин депутаттары үчүн жаңы командировка тартиби бекитилдиПрезидент Жогорку Кенештин регламенти тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөргө кол койду.Мыйзамга жаңы жобо кошулду, ага ылайык депутаттар сессиялардын ортосунда жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө иш сапарга чыгуусу — тиешелүү комитеттин макулдугусуз эле тораганын буйругу менен жүргүзүлөт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Шайлоо участкаларын соода түйүндөрдө жана аэропорттордо ачуу пландалууда Бул багытта жумушчу топ жергиликтүү бийлик менен бирге иш жүргүзөрүн БШКнын төрагасы билдирди. Тынчтыкбек Шайназаров ошондой эле Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө, Жаза аткаруу кызматында жана Баткенде кызмат өтөп, сыртка чыга албаган аскерлер үчүн дагы участкалар уюштуруларын айтты.
Өлкөдө акимдик кызматты аркалаган жалгыз аял кызматтан бошотулду. Ысык-Ата районунун жетекчиси Эркеайым Сейтказиева кызматынан бошотулду. Ал жетекчиликке марттын ортосунда келген. Иштен кетүүгө өзү арыз жазганы айтылды. Сейитказиеванын ордуна Алмазбек Рахманкулов дайындалды. Жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.
Бийлик Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун жана Жалал-Абаддагы эл аралык аэропорттун курулушу кандай жүрүп жатканын көрсөттү Темир жол курулушу төрт тилкеде жүрүп жатат. Учурда тоннелдерди казуу, көпүрөлөрдү куруу башталды. Кыргызстандагы темир жолдун жалпы узундугу 300 чакырымдан ашат. Инвестициянын көлөмү 4,7 млрд долларга бааланууда. Жалал-Абад облусунун башчысы аэропорт курулуп жаткан жерге дагы барды. Фергана өрөөнүндөгү эң ири аба майданы боло турган бул жайдын аянты 380 гектарды, ал эми учуу-конуу тилкесинин узундугу 4 чакырымды түзөт. Аны 2 жылдан кийин ишке киргизүү пландалууда.
Тоң районунда багылып жаткан 30 жейрен жаратылышка кое берилди Калгандары кийинки жылы облустун башка, шарты туура келген жерлерине жайылтылат. 2021-2022-жылдары Өзбекстандан алып келинген 25 жейрендин саны учурда 70ке жеткен. Буга чейин жарытылшка коё бериле турган 6 жаныбарга GPS каргылар тагылып, көзөмөлдөнөрү кабарланган.
Украиналыктар жаңжалды жөнгө салууда жасоого мүмкүн болбогон нерсени талап кылып жатышат. Бул туурасында Беларустун президенти билдирди. Лукашенконун Путин менен жолукканда айткандары: Эч ким Россия менен Беларусту чөгөлөтө албайт, мамлекеттер өзүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн баарына даяр Владимир Путиндин Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча позициясын толугу менен колдойт Трамп Украинада тынчтык болушун кааласа, анда “сөөмөйүн кезебестен”, эпке келиши керек
АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын лидери тууралуу ой-пикирин өзгөртпөгөндүгүн айтты. Ал Владимир Путинди беттегенин бербеген, оңой менен айтканынан кайтпаган киши деп эсептей турганын РИА Новости жазды. "Ал (Путин — ред.) айтканынан кайтпаган, сөзүнө бекем турган киши, бул жаатта эч нерсеси өзгөргөн жок", — деген америкалык лидер. Трамп буга чейин биринчи айым Меланья Трамп Путинди жактырып, аны баалаарын да айткан.