Аймактагы кабарчыбыз калаанын азыркы көрүнүшүн, демин, жашоосун жана өзгөрүүлөрдү асмандан тартты.
Видеодон жанданып жаткан курулуш иштерин, алардын ичинде муниципалдык базардын, 3700 батирлүү ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдүн жана соодагерлер үчүн балык сата турган дагы бир базардын курулушун көрүүгө болот.
Кыргызстандагы жайкы туристтик сезондо шаардын оңдолуп, жакшыртылып, заманбап болгон пляжы көп эс алуучуларды өзүнө тартты.
Шаардын кире беришине жарык берүүчү заманбап, кооз прожекторлорду орнотуу иштери аяктап, бир айдын ичинде ишке берилмекчи. Андан соң Жусуп Абдрахманов көчөсүнө да ушундай жарык бергичтер орнотулмакчы.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров тарабынан Балыкчы шаарын өнүктүрүү максатында 1 миллиард сом көлөмүндө каражат бөлүнөрү белгилүү болгон. Анын негизинде алдыда 12 багыт боюнча иштер жүргүзүлмөкчү.