БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Парламенттин мурдагы депутаттары көмүр кенин мыйзамсыз басып алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүүлөр Нарындагы көмүр кендердин бирин иштеткен компаниянын акцияларын тартып алган.
"Ж.уулу А. жана М.М. аттуу ЖКнын мурдагы депутаттары көмүр кенин иштетип жаткан компаниянын ээсин коркутуп-үркүтүп, акцияларынын контролдук пакетин алардын менчигине өткөрүп берүүгө мажбурлашкан", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр кармалып, тергөө бүткүчө камакка алынды.