БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Россиянын Украинанын аймагына абадан сокку урганына кайгырып жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Россиянын аракеттери абдан кейитет. Мен муну жийиркеничтүү деп эсептейм. Бул менин эмес, Байдендин согушу", — деди Трамп журналисттерге.
Ал РФке каршы кошумча санкцияларды киргизе аларын, бирок акыркы чечимди сегиз күндөн кийин кабыл аларын айтты.
"Менимче, бул Путинди анча деле коркутпайт. Мындан пайда болобу же жокпу, билбейм, бирок ошентсе да жасайбыз", — деди Ак үйдүн башчысы.
14-июлда Трамп Москвага Киев менен тынчтык келишимин түзүүнү талап кылып, 50 күндүк ультиматум койгон, кийинчерээк мөөнөттү 10-12 күнгө чейин кыскартканын билдирген. Эгерде аткарылбаса россиялык товарлардын импортуна 100 пайыздык тарифтерди киргизерин, ошондой эле андан мунай, газ жана башка энергетикалык ресурстарды сатып алган өлкөлөргө кошумча пошлина саларын айткан.