Трамп Канадага карата бажы алымын жогорулатты

Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Канадага карата бажы алымдарын 1-августтан тарта 25 пайыздан 35 пайызга чейин көтөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу расмий Ак үй билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга коңшу өлкөлөр Вашингтон тарабынан мурда белгиленген мөөнөттө макулдашууга жетише албаганы себеп болгону айтылды.
"Бүгүн президент Дональд Трамп Канада үчүн бажы алымын 25 пайыздан 35 пайызга чейин көбөйтүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Жогорулатылган тариф 2025-жылдын 1-августунан тарта күчүнө кирет", — деп айтылат жарыяланган билдирүүдө.
Канаданын өз чек аралары аркылуу АКШга баңгизаттардын, өзгөчө фентанилдин агымын токтото албаганы бажы алымдарын көтөрүүнүн негизги себеби катары белгиленди.
Буга чейин Канаданын премьер-министри Марк Карни Палестина мамлекетин таануу ниетин билдиргенден кийин Трамп Вашингтон менен Оттава ортосунда соода келишимин түзүү кыйын болорун айткан.
Трамп 150 өлкөгө бажы алымын киргизүүнү көздөп жатат