БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Садыр Жапаров Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Ата шаарында кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушууда кыргыз-казак кызматташтыгы, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы артыкчылыктуу долбоорлор, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу маселеси талкууланды.
Жапаров мамлекеттер аралык мамилелерди ырааттуу кеңейтүүгө өбөлгө түзүп, бардык деңгээлдеги саясий диалогду тереңдетүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал Казакстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын расмий сапары боордоштук алакаларды чыңдоого, айрыкча Казакстандын президентинин Кыргызстанга боло турган расмий сапарына даярдык көрүү үчүн маанилүү экенин билдирди.
Өз кезегинде Мурат Нуртлеу мамлекет башчылары койгон милдеттерди аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин маалымдады.