Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин менен Лукашенко Валаамда жолукту. Эмне тууралуу кеп болду

Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Россия менен Беларустун президенттери Владимир Путин жана Александр Лукашенко Карелияда Ладога көлүндөгү Валаам аралында жолукту. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Өлкөлөрдүн жетекчилери эки тараптуу кызматташууну, союздук долбоорлорду жана экономиканы талкуулады.
Көңүл борборунда эл аралык жана аймактын коопсуздугуна таасирин тийгизе турган маселелер да болду.
Путиндин Украина боюнча айткандары
Президент Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүн жана туткундарды алмашуу жыйынтыктарын оң баалады. РФ Украинага курман болгон аскерлердин миңдеген сөөгүн өткөрүп берип, өзүнүн ондогон жоокерлеринин сөөгүн алды;
Эгер Киев азырынча Москва менен иш алып барууну зарыл деп эсептебесе, Россия күтө алат;
Россиянын шарттары өзгөрүүсүз бойдон калууда: башкысы — согушка алып келген себептерди жоюу;
Россиядагы саясий түзүлүш Конституцияга негизделген, ал эми Украинада андай деп айтууга болбойт;
Москва жаңжалды жөнгө салуу маселесин жалпы европалык коопсуздуктун алкагында талкуулоону маанилүү деп эсептейт;
Россиянын негизги максаты — өз коопсуздугун камсыз кылуу.
Лукашенконун Украина боюнча билдирүүлөрү
Минск сүйлөшүүлөр боюнча Москванын позициясын толугу менен колдойт;
Эгер Трамп тынчтыкты кааласа, анда буйрук бере бербей, жөнгө салуу процесси менен алектениши керек;
Тараптар кепке келиши зарыл, тирешүү менен эч нерсе чечилбейт;
Минск менен Москваны эч ким тизелете албайт — экөө тең өз кызыкчылыктарын чечкиндүүлүк менен коргой алат
Александр Лукашенко Россияга иш сапар менен келген. Мамлекет башчылар салт болуп калгандай Валаамга барышкан. Өткөн жолкудай эле Смоленск храмында болушкан. Ал жерде кечилдер ар кыл согушта курман болгондордун элесин эскерип, дуба кылып турушат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп: Россиянын Украинага жасаган авиасоккулары кейитет