БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму Россиянын ички ишине кескин аралашууда. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Российская газета" басылмасына билдирген.
"ЕККУнун ишмердиги катары кеңири жарнама болгон уюмдун укук коргоочу куралдары иш жүзүндө Россия менен башка катышуучу өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүү үчүн колдонулган", — деди Лавров.
Ал ошондой эле ЕККУнун аткаруучу түзүмдөрү айрым жагдайларды жылдап көз жаздымда калтырып келгенин белгилген.
"Молдова менен Балтика өлкөлөрүндөгү орус тилдүү калкка карата дискриминацияга, расмий Рига менен Таллиндин жарандыгы жок адамдардын массалык көбөйүшүнө көңүл бурбай жатканын, исламофобия менен христианофобиянын көптөгөн көрүнүштөрүн, анын ичинде Дания менен Швецияда Курандын эл алдында өрттөлүшүн, Эстон православ христиан чиркөөсүнө карата куугунтуктоо учурларын узак жылдардан бери уюм байкабай келет", — деген ал.
Министрдин башка билдирүүлөрү:
Батыш башынан эле бул уюмдагы адам укуктарын коргоо маселелери боюнча талкууларды насаат айтуу үчүн, неолибералдык баалуулуктарды таңуулоо жана бейөкмөт уюмдарды, ЖМКларды колдонуу менен Австриядан Чыгышка карай жайгашкан өлкөлөрдө өзүнө ыңгайлуу бешинчи колонна түзүү үчүн колдонгон;
маданияттар аралык диалогго көмөктөшүү, маалымат жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, улуттук азчылыктардын жана дин адамдарынын укуктарын коргоо сыяктуу негизги маселелерди уюм күн тартибинен алып салды;
Батыш өлкөлөрү, ЕККУнун башкы катчысы жана уюмдун институттары Украинада орус тили менен маданиятынын жок кылынышына, украин православ чиркөөсүнө каршы Киев уюштурган өнөктүккө жана анын башчысы жарандыктан ажыратылганына көңүл бурбай, унчукпай отурушат;
Евробиримдикке кирген өлкөлөрдө жана Молдовада россиялык кабарчыларга карата репрессиялык чаралар колдонулууда;
маалыматтык мейкиндик Украинада деле тазаланып жатат;
Франция RT телеканалынын жана Sputnik агенттигинин өкүлдөрүн аккредитациялоодон баш тартып, аларды "ЖМК эмес, Россиянын мамлекеттик пропагандасынын үнү" деген жүйө келтирүүдө.