БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кафе-ресторандардагы тейлөө үчүн делген 15 пайыздык акы жокко чыгарылышы ыктымал. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев билдирди.
Анын айтымында, керектөөчүлөрдүн кайрылуулары менен кошумча акы алуу боюнча талдоо жүргүзүлүүдө.
"Бул акы алууну мыйзамсыз деп айтууга болбойт. Ошол эле учурда анын негизсиз кошулганы кардарлар тарабынан айтылууда. Мындан улам тиешелүү мекемелер тарабынан талдоо жүргүзүлүп, сунуштарды даярдоо боюнча кыймыл башталды. 1-сентярга чейин бул багытта сунуштар берилиши керек", — деди Орозбаев.