БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда багылып жаткан 30 жейрен жаратылышка кое берилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, калгандары кийинки жылы облустун башка, шарты туура келген жерлерине жайылтылат. 2021-2022-жылдары Өзбекстандан алып келинген 25 жейрендин саны учурда 70ке жеткен.
Коё берилген жаныбарлардын алтооно GPS-каргы тагылганы кошумчаланды.