БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Чүй облусундагы "Кемин" заставасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндөн кийин ачылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Ачылыш аземге Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев жана Чүйдүн башчысы Канат Жумагазиев катышкан.
Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан комплекстин казармалары жабдылып, кызматтык бөлмөсү, кампасы, мончосу, ашканалары, унаа токтотуучу жайы, иттер үчүн жайлары толугу менен жаңыртылды. Спорт аянтча салынып, аймак толугу менен жашылдандырылды.
"Кемин" чек ара заставасынын өздүк курамы 200 чакырымга жакын мамлекеттик чек араны кайтарууга жооптуу. Бул тилкенин басымдуу бөлүгүн (дээрлик 90%) тоолор ээлейт, калган бөлүгүн түздүк жана Чүй дарыясын бойлой өткөн суу чек арасы түзөт.