Министрлик Чым-Коргондогу психиатриялык оорукананын абалын көрсөттү. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Чым-Коргон айылындагы психиатриялык оорукана оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, министр Эркин Чечейбаев психиатриялык жана наркологиялык жардам көрсөтүүгө адистештирилген мекемелерди кыдырган.
Сапардын алкагында Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканага капиталдык оңдоп-түзөө иштерин баштоо маселелери талкууланган.
1 / 3

Чым-Коргон айылындагы психиатриялык оорукана оңдоп-түзөөгө муктаж

2 / 3

Маалыматка ылайык, министр Эркин Чечейбаев психиатриялык жана наркологиялык жардам көрсөтүүгө адистештирилген мекемелерди кыдырган

3 / 3

Сапардын алкагында Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканага капиталдык оңдоп-түзөө иштерин баштоо маселелери талкууланган

Аталган ооруканадагы 319 бейтаптын 53ү соттун чечими менен мажбурлап дарыланып жатканы айтылды.
Министр бейтапканада капиталдык оңдоп-түзөө иштерин баштоо үчүн кыска мөөнөттө техникалык жана финансылык эсептөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.
Пресс-борбор
Бишкекте Кыргыз-Россия достук ооруканасы ачылат. Онищенко артыкчылыгы тууралуу