Энергетиктер жарыкты кантип үнөмдөп жатканын көрсөтүп, үлгү алууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын административдик имараттары "акылдуу" жарыктандырууга өткөрүлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Демилгенин максаты — электр энергиясын үнөмдүү жана рационалдуу пайдалануу.
"Жабдуулар коридорлорго жана кабаттар ортосундагы өтмөк аянтчаларга орнотулууда. Система кыймылдын жана күндүн жарыгына карап жарык берип турат. Эгер коридордо эч ким болбосо жарык өчүп, кыймыл байкалганда күйөт. Эгерде күндүн жарыгы жетиштүү болсо өчүп калат", — деп жазылган маалыматта.
Бул система орнотулган имараттарда электр энергиясын жылдык керектөө 24 миң киловатт-сааттан 17 миң 500 киловатт-саатка, тагыраагы, 27 пайызга азайганы белгиленди.
"Бардык кеңселерди жана мекемелерди кыймыл-датчиктерди жана заманбап жарыктандыруу системаларын колдонууга чакырабыз. Бул — кыска убакытта өзүн актаган, электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга шарт түзгөн технология", — деп жазылган кайрылууда.
Кыргызстанда күндөн энергия алган панелдерди чыгарган завод куруу пландалууда