Айыл чарба тармагынан түшкөн салык соңку беш жылда төрт эсе өстү. Сандар

Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Соңку беш жылда Кыргызстанда айыл чарба тармагынан түшкөн салык төрт эсеге өстү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
"Учурда өлкөнүн айыл чарбасынан түшкөн жыйымдардын жалпы суммасы 3 миллиард 516 миллион сомго жетти", — деп айтылат маалыматта.
2020-2024-жылдар аралыгында экономиканын бул секторунан түшкөн салыктар төмөнкүдөй көрсөткүчтү түзгөн:
2020-жылы — 261,07 млн сом;
2021-жылы — 325,7 млн сом;
2022-жылы — 507,7 млн сом;
2023-жылы — 818,8 млн сом;
2024-жылы — 1 млрд 40 млн сом.
Ошондой эле 2025-жылдын январь-июнь айларында айыл чарба тармагынан түшкөн салык 563,4 миллион сомду түзүп, өткөн жылга караганда 76 миллионго көп экени белгиленген.
Салыкчылар Бишкекте каттоосу жок эмерек жасаган ишкерлерди аныктады