Трагедияны да бурмалашкан. Анна Франк жана анын тагдыры, атагы. Видео

Улуу Ата Мекендик согуштагы трагедияны баяндаган бул күндөлүк 1947-жылы басылып чыгып, дүйнөнүн 67 тилине которулган.
Sputnik
Мындан сырткары, ЮНЕСКОнун объекти деп жарыяланып, Экинчи дүйнөлүк согуштун белгилүү документтеринин бири деп саналат.
Жарыкка чыгар алдында Отто Франк күндөлүктөн энеси тууралуу айтылган жагымсыз пикирлерди жана жыныстык карым-катнашка байланышкан жерлерин алып салган.
Немец тилине которгон котормочу немец эли тууралуу жазылгандарды кошпой койгон.
Кийинки жылдары Анна Франктын баяны улам кыскарып, америкалаштырылып, жайкап, бурмаланып келсе, Холокостту тааныгысы келбегендер күндөлүктү согуштан кийин ойдон чыгарылган окуя катары көрсөтүүгө аракет кылышкан.
1998-жылы гана Амстердамдын соту Анна Франктын күндөлүгүнүн аныктыгын танууга тыюу салып, бул үчүн айып пул бекиткен.