Трамптын 60тан ашык өлкөгө бажы алымын киргизүү буйругу 7-августта күчүнө кирет

Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бажы алымдары боюнча Дональд Трамп кол койгон буйруктун күчүнө кириши бир аптага узартылды. Бул тууралуу CNN кабарлады.
Маалыматка ылайык, Трамп бейшембиде 60тан ашуун өлкөдөн АКШга ташылып келген товарларга 15тен 41 пайызга чейин бажы алымын киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ал 1-августта күчүнө кирет деп күтүлүп жаткан, бирок мөөнөт 7-августка жылдырылды.
"АКШнын бажы жана чек ара кызматтары тиешелүү даярдыктарды көрүшү үчүн ушундай чечим кабыл алынды", — деп жазылган телеканалдын маалыматында.
Ал эми Канаданын товарларына карата киргизилген бажы алымдары 1-августтан тарта күчүнө киргени кабарланды.

Трамптын бажы алымдары

Трамп кайрадан президент болуп шайлангандан кийин соода саясатын катаалдата баштады: Мексика менен Канададан келген товарларга бажы алымын киргизип, Кытайдыкын жогорулаткан. Ал эми болот, алюминий жана автоунааларга тарифти чектеген. 2-апрелде Вашингтон импортко 10 пайыздык өз ара бажы төлөмүн бекитип, 57 мамлекеттен жогорулатылган акы алына баштаган. Бир жумадан кийин процесс убактылуу токтоп, АКШ бир катар соода өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү баштаган.
АКШдагы Товарлардын жеткирилишин тескөөчү институттун талдоосуна ылайык, соодадагы мындай саясат өлкөдө өнөр жай активдүүлүгүн басаңдатып, логистикага доо кетирет. Анализде бизнестин жабыркаганы айтылат. Анткен менен инвесторлордун кескин реакциясынан кийин Трамп бир нече ирет "жумшарган" болчу, мындан улам азыр анын катаал билдирүүлөрү көп этибарга алынбай калганы белгиленген.
NBC телеканалы атын атагысы келбеген аткаминерге таянып, АКШнын финансы жана соода министрлери облигациялар рыногундагы абалга тынчсызданып бажы алымдарын токтоттурууга аракет кылышканын билдирген. Жергиликтүү чиновниктер Трамптын мындай чечими дүйнөлүк кризисти шарттайт деген кооптонуусун да айтышканы маалым.
Трамп БРИКС саясатын колдогондорго бажы алымын киргизүү ниетинде