АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф жакында Россияга барат

Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жакынкы күндөрү Россияга сапар алат. Бул тууралуу Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды.
Журналисттер ага Уиткоффтун 1-августка белгиленген Израилге сапары тууралуу суроо узатышкан.
"Ишенесиңерби же жокпу, билбейм, андан кийин ал Россияга барат", — деп жооп берди Трамп.
Бул билдирүү Вашингтондун Украинадагы жаңжал боюнча 10 күндүн ичинде чечим табууну талап кылган шартынан кийин айтылды.
14-июлда Дональд Трамп Москвага 50 күндүк ультиматум коюп, Киев менен тынчтык келишимине жетишүүнү талап кылган. Бирок кечээ бул мөөнөттү 10-12 күнгө чейин кыскартканын билдирди.
Эгер бул талаптар аткарылбаса, анда Россиядан келген бардык товарларга 100 пайыздык импорттук бажы төлөмдөрүн киргизерин жана Россиядан мунай, газ жана башка энергия булактарын сатып алган өлкөлөргө кошумча санкциялар салынарын жарыялаган.
"Россия санкцияларды тоготпой калган". Песков Трамптын айтканына үн катты